2020-09-25

 
     

1908-жылы  25 сентябрда кыргыз элинин чыгаан хирургу, Кыргызстандын көкүрөк хирургиясын алгачкы негиздөөчүсү, Кыргыз ССРнин Илимдер Академиясынын биринчи президенти,көптөгөн илимий медициналык иштердин автору Иса Коноевич Ахунбаев жарык дүйнөгө келген.

2008-жылдын 25 сентябрында Кыргыз Республикасынын президентинин Указы менен Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына академик Иса Коноевич Ахунбаевдин аты ыйгарылган.