Китепкана жөнүндө

Китепкана И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын структуралык бөлүмү болуп саналып, окуу тарбия процесстерин жана илимий изилдѳѳлѳрдү документтер жана  маалымат менен камсыз кылат. Ошондой эле билимди таратууну, китепкананын ишине маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизүүнү,электрондук ресурстарды колдонууну ишке ашырат.

 

Окурмандарды тейлөөнү жакшыртуу максатында сапаттуу, заманбап маалыматты жеткирүүгө аракет жасайт. Китепкананын фонду 620 миң нускадан ашуун түрлүү документтерден турат, алардын көп бөлүгүн медициналык окуу китептери түзөт. Ар жылы китепкана кызматкерлери 215 минден ашуун окурмандарды тейлеп,аларга 360 минден ашуун адабияттарды беришет.

 

Китепканада окурмандарды тейлөө 7абонементте жана 278 орундуу 7 окуу залында жүргүзүлөт. Алар башкы корпуста, тиш дарылоо борборунда, морфокорпуста, №4 окуу корпусунда, И.К.Акылбеков атындагы студенттик кампуста жайгашкан. Ошондой эле 39 орундуу  3 электрондук китепкана окурмандарды тейлейт. 

Китепкананын сайты:library.kgma.kg